У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Талант Мамытов спикерликтен кетти, ордуна Нурлан Шакиев келиши мүмкүн..


Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматынан өз каалоосу менен кетип жатканын бүгүн, 5-октябрда парламенттин жалпы отурумунда билдирди.

Ал спикерликтен кетип жатканына парламенттеги акыркы айрым окуялар себеп болгонун учкай кыйытты. Ошондой эле, эки жылга жакын убакта парламентти жетектөөгө ишеним артканы үчүн кесиптештерине ыраазычылыгын айтты.

Талант Мамытов 2020-жылы 4-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. 2021-жылы "Ынтымак" партиясы менен шайлоого катышып, 29-октябрда 7-чакырылыштагы парламенттин курамында кайрадан төрага болуп шайланган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышка байланыштуу Жогорку Кеңешке Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев келгенде депутаттар менен коопсуздук кызматынын башчысынын ортосунда пикир келишпестик болгону кабарланган.

Талант Мамытовдун ордуна депутат Нурланбек Шакиевдин талапкерлиги сунушталып жатканы кабарланууда.
Нурланбек Шакиев 2010-жылы Апрель окуясынан кийин бийликтен куулган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы болуп иштеген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter