ШКУнун саммитинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча сөз болгон жок...
- 16.09.2022, 17:24,
- Башкы / Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынында сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча бир ооз сөз айткан жок.
Садыр Жапаров ШКУнун иш жылдарындагы ийгиликтерине токтолуп, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге ШКУнун саммитин уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана Индиянын премьер-министри Нарендра Модини өлкөнүн уюмдагы төрагалыгына өтүшү менен куттуктады. Ал 26-июлда Ташкентте өткөн Ооганстандагы кырдаал боюнча эл аралык конференция тууралуу айтты.
Ошондой эле Кыргызстандын президенти Бишкекте эл аралык уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү борборун ачууга чакырып, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруунун маанисине токтолду.
Мамлекет башчысы азык-түлүк коопсуздугу жана климаттын өзгөрүүсүнѳ ыңгайлашуу маселелери тууралуу сѳз кылды.
Садыр Жапаров дээрлик 12 мүнөт сүйлөдү, бирок бул аралыкта кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу бир да сөз айтылган жок.
Тажик президенти Эмомали Рахмон да өз сөзүндө чек арадагы жаңжал тууралуу айткан жок. Жолугушууга катышкан башка мамлекеттердин башчылары да кыргыз-тажик чек арасындагы чыр чатак тууралуу сѳз козгошкон жок.