Мэрия жол кирени дагы кɵтɵрүү маселесин кароодо...
- 15.09.2022, 21:35,
- Башкы / Экономика / Жаңылыктар
- 1
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек мэриясы жол кирени кайра көтөрүү маселесин кароодо. Муниципалитеттин расмий сайтына ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча билдирүү жайгаштырылганын “24.kg” маалымат агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, учурда укуктук жөнгө салууну талкуулоо жана кызыкдар тараптардын сунуштарын чогултуу башталганы жарыяланган.
«Эксплуатациялык чыгымдардын өсүшүнө байланыштуу учурдагы тарифтер коомдук транспорттордун керектүү көлөмдөгү каржылык ресурстардын камсыздай албай жатат. Натыйжада оңдоо, техникалык тейлөө иштерин ɵз убагында жүргүзүүгө мүмкүн болбой жатат», - деп айтылат билдирүүдө.
Мэрия көйгөйлөрдү чечүүнүн жолу катары тарифтерди көтөрүү керектигин белгилейт.
“Бул муниципалдык жана жеке компаниялардын экономикалык абалын жакшыртат, унааларды өз убагында техникалык тейлөөгө жана жаңылоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле ишканалардын жана айдоочулардын социалдык абалын жакшыртат”,- дейт мэрия.