У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ошто аскердик милдетин өтөп жаткан жоокер каза болду


Ички иштер министрлигинин Ош шаарындагы 703-аскер бөлүгүндө аскердик милдеттин өтөп жаткан жоокер каза болду. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
 
Аскер бөлүктүн командири жана орун басарларынын айтымында, 17-август күнү таңкы саат 5тер чамасында жоокер М.у.А. басып баратып жыгылып, ордунан турбай калган. Жанында турган жоокерлер аны посттон 20-30 метр алыстыкта жайгашкан аскер бөлүктүн медициналык пунктуна алып барышкан. Дарыгерлер жоокердин каза болгонун айтышкан.
 
Соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Кылычбек Насиров жоокерди алгачкы текшерүүдө каза болгон аскер кызматкеринин денесинен зордук-зомбулуктун белгилери табылбаганын, экспертизага анын атасы катышканын билдирген. Болжолу, жоокер жүрөк оорусунан каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы бир айдын ичинде коомчулукка жарыялана турганы белгилүү болду.
 
Аскер бөлүктүн командири каза болгон жоокер бир айдан кийин үйүнө кетээрин, 2 күн мурун ата-энесине барып келгенин кошумчалаган. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter