У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев алган акчаларын муфтиятка төлөп берди


 Мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына бардык төлөмдөрдү төлөп берген. Бул тууралуу муфтияттан билдирди. Бирок канча суммада каражат кайтарылганы айтылган эмес. 
 
Эске салсак, 2021-жылдын 10-февралында Максатбек Токтомушев кармалып, УКМКнын абагына убактылуу камалган. Токтомушевдин УКМКнын кызматкерлерине пара берүүгө, ошондой эле зыяратчылардын ажылыкка кошкон акчасын колдонууга байланышкан каржылык мыйзам бузууларга катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган.
 
2021-жылдын 12-февралында ал үй камагына чыгарылган.
 
2021-жылдын 25-майында Уламалар кеңеши мурдагы муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин финансылык ишиндеги текшерүү комиссиясынын ишинин жыйынтыгын жарыялган.
 
Ага ылайык, 2020-жылдагы ажылык сапарга 9586 адам катталганы, анын ичинен:
 
- 5519 адам ар бири 3350 доллардан төлөшкөн, бул 18 488 650 долларды түзгөн,
 
- 4067 адам ар бири 500 доллардан төлөп, 2 млн 33,5 миң долларды түзгөн,
 
- Базага катталбаган 105 адамдын ар бири 500 доллардан төлөп, 52,5 миң долларды түзгөн.
 
Анын ичинен тендерди утуп алган «Флайнас» компаниясына 466 миң доллар, «Фарватер» ЖЧКсына 152 миң доллар, зыяратчылардын кийимине 80 миң доллар төлөнгөн. Калган бөлүгү – 11 миллион 418,2 миң долларды түзгөн.
 
«Ошондой эле бул суммадан муфтияттын, Уламалар кеңешинин жана башкалардын кызматкерлеринин эмгек акысы 2020-жылдын январынан 2021-жылдын февраль айына чейин 636 751 доллар өлчөмүндө төлөнгөн. Бүгүнкү күндө эсеп боюнча 9 миллион 524 миң 45 доллар калган. Ажылык үчүн 1 миллион 894 миң 155 доллар жетишпей жатат», — деп айтылат 2021-жылдагы билдирүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter