У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Таласта 11 жаштагы бала октон каза болду. Аны 15 жаштагы өспүрүм атып алган


 28-июлда күндүзгү саат 11:00 чамасында Талас облусунун Манас районунун Нылды айылында 11 жаштагы өспүрүм ок атуучу куралдан каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы маалымат каражаттарына билдирди.
 
Маалыматка ылайык,11 жаштагы баланы 15 жаштагы өспүрүм кокустан атып алган. Ал ок атуучу куралды эч кимге айтпай, ойноп алып чыккан. Айылдагы балдар менен ойноп жүрүп, эшек менен жарышып бара жаткан учурда мылтык кокустан атылып кетип, 11 жаштагы балага тийген. 
 
Окуя боюнча Кылмыш-жазык кодексинин 122-беренесинин ("адам өлтүрүү") 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Куралдын кимге таандык экени такталууда. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter