У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эми жалпы республикалык тестирлөө жылына эки ирет өтөт


 Мындан ары жалпы республикалык тестирлөө жылына эки ирет өтөт. Бул тууралуу Sputnik радиосунун эфиринде Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.
 
Анын айтканына караганда, биринчи жалпы республикалык тестирлөө жаз айларында, экинчиси ноябрда өткөрүлмөкчү. Бул студенттердин жогорку окуу жайга тапшыруусуна, билим алуусуна түзүлгөн шарт. 
 
Мындан сырткары министр ушул жылдын сентябрь айынан тарта Кыргызстандын жогорку окуу жайлары менен кесиптик лицейлери студенттерди бир жылда эки ирет кабыл ала баштай турганын, бул боюнча өкмөттүн токтому чыкканын да айтты.   
 
Бул кандайдыр бир себептерден улам сентябрда окууга өтө албай калган абитуриенттердин кайра окууга тапшыруусуна ачылган жол экенин белгиледи министр. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter