У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыбакас Доолов, ажы: “Аялдардын эти арзандаган себептүү, койдун эти кымбаттады” - видео


Дин кызматкери Садыбакас Доолов азык-түлүктүн, өзгөчө эттин кымбатташынын себебин аялдардын эти арзандап кеткенине байланыштырды. Бул тууралуу дин кызматкери мечиттердин биринде сүйлөгөн сөзүндө айткан виедосу тарады. 

Анын айтымында, базарда сатылып жаткан эт азыктарынын баасы аялдын сырткы келбетине түздөн-түз байланыштуу.

Бул тууралуу Садыбакас ажы: «Эт качан кымбаттайт, билесизби? Сиз жашаган аймакта аялдардын эти арзандай баштаса. Аялдардын эти арзандап, жоон санын колунун баш бармагындай кылып ачып басып калса, аксакалдар намыска келип, кимдин кызысыӊ бери келчи, жап этегиӊди, узартпайсыӊбы этегиӊди, уялбайсыӊбы, кандай бети жок немесиӊ, кимди кызы бул деп ата-энелерин даректештирбеген аталардын себебинен аялдардын эти арзандады.  Аялдардын эти арзандаган себептүү, койдун эти кымбаттады. Баасы асмандын башы...», - дейт...

Кызыгы, акылдуу ажы кийимдин узундугу менен эттин баасынын ортосунда кандай экономикалык байланыш бар экенин түшүндүргөн жок. Оозум бар деп оттой берген чала сабат молдолор тажатты.

Мынча акылды кайдан табат?.. Антимонополияга алып барып Акжолтой Тукуновго шеф кылса, экөө кымбатчылыкты бат эле ооздуктачудай. Биздин чоӊдор азык-түлүктүн баасын кантип түшүрөбүз деп баштары оорумак эмес... 
 
Маалым болгондой, Садыбакас Доолов Дүйшөмбү шаарындагы (Тажикстан) медреседе окуган. Андан соң ОшМУга тапшырган. Буга чейин Кара-Балтадагы Ислам институтун жетектеп келген. Ал Бишкектин Свердлов районунун имамы болгон.






Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter