У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акылбек Жапаровдун жардамчысы алдамчылыкка шектелүүдө


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жардамчысы алдамчылыкка айыпталууда. Ал Экономика жана каржы министрлигинин аппаратына дайындатам деп 1 миллион 400 миң сом жана топоздун этин алган. Бул тууралуу 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйынында юрист Бактыбек Жумашев билдирди.

Анын айтымында, Адилет аттуу жаран өзүн укук коргоо органдарындагы жогорку кызматтагы адамдын жубайынын досу деп атаган апасы Г.К. аркылуу Эшимбек уулу Азаматка адегенде Экономика министрлигинен, кийинчерээк Министрлер кабинетинен кызмат сунуштаган. Лоббийлик кызыкчылыгы үчүн алар акча жана уюлдук телефон сурашкан. Адвокат Адилет Акылбек Жапаровдун жардамчысы менен чогуу иш алып барганын белгиледи. Бирок анын  жардамчысынын атын атоодон баш тартып, баш тамгасы – Э экенин билдирди.

Ошондой эле: «Менин кардарым шарттарга макул болду. Ал бир жыл бою алданган. Эч кандай дайындоо, албетте, болгон жок. Ал акчасын кайтарып берүүнү талап кыла баштаган. Бирок ага мамлекеттик аппараттан орун берүүнү убада кылгандар байланышка чыккан эмес. Андан соң Эшимбек уулу Азамат Ички иштер министрлигине кайрылган. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, ал жабырлануучу катары таанылган. Акылбек Жапаров министрлер кабинетин жетекчиси болгондо, Э анын жардамчысы болуп дайынлаган. Дал ушул себептен улам тергөө солгундап кеткен деп божомолдоого болот. Кылмышка шектүүлөр бир да жолу суракка алынган эмес. Иштин эмне себептен тергелбей жатканын билүүгө аракет кылганда тергөөчүлөр манжаларын өйдө көрсөтүп, жогору жактан токтотуп турууну суранышканын айткан», - деп кошумчалады Бактыбек Жумашев.

Бактыбек Жумашев президент Садыр Жапаровго жана башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, бул алдамчылыкка көңүл бурууну өтүнгөн.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter