У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тенгиз Бөлтүрүк жаӊы офисине жылына 1 млн. 20 миң доллар, сом менен 83 млн. 640 миң төлөйт


Тенгиз Бөлтүрүк жаңы кирген офисине айына 1 квм 17 доллардан, 5000 квадратка, 5000*17= 85 000 АКШ доллар төлөйт. Сомго айлантсак, бүгүнкү курс менен алганда 6 млн. 970 миң сом болот. Бир жылга 1 млн. 20 миң доллар, сом менен алганда 83 млн. 640 миң болот экен.

Элестеткиле эми бул болгону ижара акысы эле. Коммуналдык кызматтардын акысын кошкондо 5 миң квадрат метрге бир жылга дагы канча миллион чыгат?  Ошондо, жалпы бир жылда бери жагы 100 млн. сом Тенгиз Бөлтүрүктүн комфорт иш орду үчүн сарпталып жатат. Мына Кумтөрдүн акчасы кайда кетип жатат?

Буга чейин Кумтөр мамлекеттик "Учкун" ишканасынын 5 этажын ижарага алып, айына болгону 2 млн. сом (жаңылбасам) ижара акысын төлөчү экен. Бир жылга. 24 млн сом.

Эми болсо Тенгиз Бөлтүрүк мамлекеттик ишкананы ижара акысынан куржалак калтырып, жеке менчик офиске эле "Учкунга" төлөп келген бир жылдык ижара акысын 3 айда эле берип жатат. Бир жылда дээрлик 100 млн сом сарптайт экен. Мына президент айткан эконом...


Алмаз ТЕМИРБЕК уулу


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter