У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Манас" жана "Ош" аэропорттору 39 жылга түрк компаниясына берилери нааразычылык жаратты…


Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев жана Шайлообек Атазов "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторун реконструкциялоо үчүн түркиялык YDA деген компанияга берилип жатканын сындап чыгышты. Акаев бул маселе боюнча президентке жана атайын кызматка кайрылды.

“Биз аэропортторубузду 39 жылга сырткы башкарууга берип жатабыз. Муну Акылбек Жапаров ушул жерде айтты. Бул абдан туура эмес. Анткени Дүйнөлүк банк менен келишим түзүп, ачык сынак өткөрүлмөк деген сөз берилген. Германия, Түштүк Корея, Голландиядан ири компаниялар катышууга аракет кылып жатканда эч кандай сынак, тендери жок стратегиялык аэропортторду берген жатабыз”, - деди Акаев.

Жанар Акаев стратегиялык объектилер белгисиз компанияга берилип жатканын текшерүү зарылдыгын белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров: "Түркиянын YDA компаниясы менен алдын ала макулдашуу болду. Жакын арада Бишкектеги жана Оштогу аэропортту эки жыл аралыгында реконструкциялоо үчүн 450 миллион доллардан 1 миллион долларга чейин инвестиция салып, бардык жумуштарды бүтүрмөй болуп жатат. Эгер жакынкы күндөрү макулдашууга кол коюлса, жумуштар башталат. Биз тараптан бир шарт коюлду - көрсөтүлгөн мөөнөттө жумуштар аяктабаса, салынган инвестиция толугу менен Кыргызстанга өткөрүлөт”,- деген болчу.

Булак  «Азаттык»


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter