У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Балбак Түлөбаевди 3 жылга эркинен ажыратып, 1 млрд. сом өндүрүү талабы коюлду...


Борбор калаадагы мектептердин 50 директору Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаевди миллиард сом айыпка жыгып, кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылууда. Бул тууралуу КРнын жалпы билим берүү мектептеринин жана мектепке чейинки мекемелердин жана башка билим берүү мекемелеринин директорлор ассоциациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, борбор калаанын билим берүү мекемелеринин жетекчилери Түлөбаевдин үстүнөн «негизсиз жана атайылап жалган жалаа жабуу» боюнча Жогорку Кеңештин төрагасына арыз жазышкан. Арызда депутат «мугалимдерди оор жана өзгөчө оор коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн негизсиз айыптаган» деп айтылат.

Директорлордун нааразы болушуна ушул жылдын 17-майында Жогорку Кеңештин жыйындар залында өткөн “Билим берүү жана улуттук коопсуздук” тегерек столунда аны жетектеген Түлөбаевдин, “жылына 20 млн. пара Бишкектеги мектеп директорлорунун чөнтөгүнө түшөт. Башкача айтканда, алар окууга киргизүү үчүн ар бир баладан 500 доллардан алышат имиш”, - деп билдиргени себеп болгон.

Буга байланыштуу кайрылууда: «Эгерде Жогорку Кеңештин депутаты ушундай олуттуу айыптоолорду коюп, балдарды мектепке киргизүү үчүн канча пара алганын көрсөтсө, анда бул анын төгүнгө чыгаргыс далилдери бар экенин билдирет. Анда эмне үчүн ал укук коргоо органдарына тиешелүү арыздарды, материалдарды жиберген эмес? Кантсе да Бишкектин мэри болгон! Анын билдирүүлөрүнө ишенбөөгө негиз жок эле», - айтылат.

Мындан улам, мугалимдер өлкө жетекчилигинен Түлөбаевге Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту “Кылмыш жөнүндө билип туруп жалган билдирүү” таратуу боюнча кылмыш ишин козгоп, үч жылга эркинен ажыратууну суранышууда. Ошондой эле борбор калаада 20дан ашык жаңы мектептерди куруу үчүн Түлөбаевден Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын пайдасына 1 миллиард сомдон ашык моралдык чыгым өндүрүлсүн талап кылышууда.

Бул тууралуу “Кактус” медиа сайты жазып чыкты...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter