У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кара-Сууда Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган дагы бир тоннель табылды


Ош облусунун Кара-Суу шаарында Кыргызстанды Өзбекстан менен байланыштырган экинчи жер астындагы тоннель табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
 
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал Кара-Суудагы үйдүн бетон тротуарына салынган. Тоннелдин тереңдиги 17,5 метр бийиктикте, кире бериш жери 1,80 метр, туурасы 70-80 см, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы аралык 155 метрге жакын.
 
Ушул тапта тоннелди пайдалануу менен мыйзамсыз иштерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
 
Эске салсак, буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 24-майда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Телман айылынын аймагында Өзбекстанга өтчү 270 метр жашыруун жол табылганын билдирген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter