У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Креслого отурганда сынган шагыӊыз ордуна келдиби?

Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиевге оӊтойсуз суроолор?..

- Урматтуу Каныбек Осмоналиевич, сиз Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы болдуӊуз. Туура эле бардыӊызбы? Дегеним, физик адистигине ээ адам, тил саясатын кандай жүргүзөт деп санаа тарткандар арбын. Тилчилер жыйынтык көрсөтө албаган тармакты физик оӊдой алабы? Ага эркиӊиз, түшүнүгүӊүз жетеби? Жетсе, ишти эмнеден баштап, кандай майнап чыгарганы турасыз? Кандай көйгөйлөр бар экен?

Деги кызмат болсо эле болду деп, адашып барып алган жоксузбу? Негизи, өз адистигиӊизге туура келген тармакка барсаӊыз кандай болмок? Президент Садыр Жапаровду бир мактап, бир сындап, бирде шагыӊыз сынганын айтып муӊканып жүрүп жеткен кызмат ордуӊуз сизге ылайык бекен? Креслого отурганда сынган шагыӊыз ордуна келдиби? 

Деги тилдин эрежелерин, тилдин саясатын жакшы эле билип, тилчилерге акыл-кеӊеш айтып, билбегенин билгизип, туйбаганын туйгузуп жатасызбы? Айтор, эмне кылып жатасыз? Же карыганда үйдө отургандан көрө деп, бир кызматтын жетекчиси деген дымакка курсант болуп, кирип-чыгып каада күткөнгө маашырланып жүрөсүзбү? 

Суроо салган Алмаз ТЕМИРБЕК уулу


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter