У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Албек Ибраимовго дагы бир кылмыш иши козголду

       "Бишкек санитардык полигон" муниципалдык ишканасынын директору кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Бишкек шаардык санитардык полигондун курулушу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши тергелүүдө. КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмышка шектелип, муниципалдык ишкананын мурдагы директору А.Б.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
 
А. Б. С аттуу инициалы аталган ишкананын мурдагы жетекчиси Болот Асаналиевдин ысымына туура келет. Ал 2016-жылы полигондун директору болгон.
 
Бишкек шаарынын мурдагы мэринин жүргөн жери такталбаганына байланыштуу И. А.С. жана долбоордун ишке ашырылышын көзөмөлдөгөн мэрдин мурдагы кеңешчиси Г.А.М.га сырттан айып тагылган.
 
Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан бардык тиешелүү адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу боюнча активдүү тергөө аракеттери уланууда.
 
И.А. С аттуу инициалы Албек Ибраимовдун ысымына туура келет.
 
Эскерте кетсек, 2013-жылы Кыргызстандын өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда “Бишкек шаарындагы катуу калдыктарды башкаруу системасын жакшыртуу” долбоорун каржылоо боюнча кредиттик макулдашууга кол коюлган. Анда таштандыларды кайра иштетүүчү жана сорттоочу заводдун курулушу каралган. Долбоордун алкагында капиталга 22 миллион евро бөлүнгөн. Бул акчанын жарымы өлкө пайыз менен төлөй турган насыяга берилген.
 
Жаңы таштанды төгүүчү жай ачуу жана эскисин рекультивациялоо боюнча долбоорду ишке ашыруу кечеңдегенине байланыштуу Бишкек пайдаланылбаган каражат үчүн 14 миллион сом өлчөмүндө айып төлөйт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter