У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Лавров ядролук согуштун реалдуу коркунучу тууралуу эскертти


 Ядролук согуштун реалдуу коркунучу бар. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров «Биринчи каналдын» эфиринде билдирди. 
 
Ал өзөктүк согуштун коркунучтары азыр өтө олуттуу экенин жана бул коркунучту баалабай коюуга болбой турганын эскертти. 
 
«Тобокелдиктер абдан чоӊ. Бул тобокелдиктердин жасалма түрдө көтөрүлүшүн каалабайт элем, бирок каалагандар көп. Коркунуч олуттуу, бул реалдуу, аны баалабай коюуга болбойт», - деди министр.
 
Ошондой эле Лавров Москванын принципиалдуу позициясы ядролук согушка жол бербөө экенин кошумчалады.
 
Эске салсак, орус президенти Владимир Путин 27-февралда өзөктүк күчтөрүн күжүрмөн даярдыкка өткөрүүгө буйрук берген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter