У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров: Райым Матраимовду камап, 2 миллард 150 миллион сом акча төктүрдүк


 Бул тууралуу президен Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди. 
 
— Коррупциялык иш-аракеттерден келтирилген чыгымдарды камактагы тигил же бул мурунку чиновник төлөп, үй камагына чыкканы же бошотулганы тууралуу маалыматтар маал-маалы менен чыгып турат. Жалпы канча сумма топтолду? Алар каякка коротулуп атат?
 
— Жалпысынан УКМК сегиз миллиарддан ашык каражат төктүрдү. Прокуратура үч милларддын тегерегинде төктүрдү.
   Накталай төгүлгөн акчалардын баары түздөн-түз казынага кетип атат. Ал эми мүлктөр болсо мамлекеттик мүлктөр мекемесине өтүп жатат. Каалаган иликтегичтер чогулуп барып УКМК, Прокуратура, ИИМге барып кайда которулуп жатканын иликтеп көрсөңөр болот. Жашыруун эмес. Беришет. Бербей жатса, мага кайрылгыла.
 
— Алардын бири Райым Матраимов камаларын айттыңыз эле. Камалган жок да?
 
— Камабадыкпы. Камап, 2 миллард 150 миллион сом акча төктүрдүк. “Элдорадо” деген соода түйүнүн алдык. Элиталуу 10 квартирасын алып, Мамлекеттик ипотека компаниясы аркылуу элге таратып бердик. Кошуна мамлекеттердин баарына жана Дубайга дагы суроо каттарын жөнөттүк. “Силерде болгон кылмыштары же мүлктөрү болсо, тизмесин бергиле” деп. Бардык мамлекеттен “андай жок” деген жооптор келди. Болсо дагы 2017-жылы ызы-чуу башталганда, сатып жиберген экен деген маалыматтарды алдык. Колунда болгон оокатынын баарын, эки миллиарддан ашык акчасын алгандан кийин чыгарып койдук. Аны түрмөдө элдин эсебинен багып жатып эмне кылабыз? Бир эле Раим эмес, канчалаган чиновниктер мүлктөрүн, акчаларын кайтарып берип, анан чыгып кетишти. Ошол үчүн жалпы кайтарган сумма баш-аягы мүлктөр менен чогуу эсептегенде, сегиз миллиарддан ашты.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter