У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Транспорт министрлиги Кыргызстанда акы төлөнүүчү жолдорду атады


     
Чүйдүн айланма жолу, Өзгөндөгү айланама жол акы төлөнүүчү жолго айланат.Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясынын жыйынында Транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Нурланбек Кайынбаев билдирди.
 
Анын айтымында, айланма жол реконструкцияланат. 
 
«Кайра курууга 150 миллион доллар керектелет. “Дордой” базарынын аймагында жол тыгындары көп экенин билесиңер, ал жакка алты тилкелүү жол салууну пландап жатабыз. Айланма жол ыңгайлуу жана эл аралык стандарттарга жооп берет», - деди ал. 
 
Нурланбек Кайынбаев белгилегендей, Өзгөн шаарынын айланма жолу да акы төлөнүүчү жол болот.
 
 «Түндүк-түштүк жолунун туннели жана эстакадалык көпүрөсү да акы төлөнөт», - деди Кайынбаев.
 
Буга чейин Транспорт министрлиги альтернативалык Бишкек-Кара-Балта-Чалдовар жолу да акы төлөнөрүн билдирген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter