У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Элмурза Сатыбалдиев: Конституцияда депутаттын жогорку билими талап кылынбайт


Жогорку Кеңештин депутатынын жогорку билими тууралуу диплому болушу шарт эмес. Бул тууралуу депутат Элмурза Сатыбалдиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
 
Ал белгилегендей, Конституцияда депутаттын жогорку билими болушу талап кылынбайт.
 
«Азыр албетте деңгээл төмөндөдү, сабаттуулук төмөндөдү деп айтып жатышат. Бирок депутат эл өкүлү да. Маселен, эл бир чабанды депутат кылып шайлагысы келсечи, анда эмне кылыш керек? — деп сурады Элмурза Сатыбалдиев.
 
Эске салсак, бир нече депутаттар шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизген. Алар депутаттыкка талапкерлерди жогорку билимге милдеттендирген норманы алып салууну сунушташууда. Депутаттардын айтымында, бул талапкерлердин шайлоого катышуу укугун чектейт деп эсептешет.
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter