Бала бакчалардын жана мектептердин директорлору сынактын негизинде дайындалат
- 05.04.2022, 12:51,
- Башкы / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бала бакчалардын, мектептердин, лицейлердин, колледждердин директорлорун тандоо конкурстук негизде жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.
«Бала бакчалардын, мектептердин, кесиптик лицейлердин, колледждердин директорлорун тандоо конкурстук негизде жүргүзүлөт. Бул учурда адам фактору толугу менен жокко чыгарылат. Сынактын натыйжасы кырдаалдык тапшырмалар менен жана ыкчам чыгарып берүүчү компьютердик тест менен аныкталат. Бул жаңыланган кадрдык потенциалды дароо түзүүгө шарт жаратат»,—деди министр.