У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алымкадыр Бейшеналиев: «Дарыгерлерге үй кура албай калат экем, кечирим сурайм…»


Дарыгерлерге үй кура албай калганын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 7— каналга билдирген. 

Анын айтканына караганда, дарыгерлерге үйдү мамлекет кура турган болгон. 

«Мен медиктерге үй кура албай калат экем. Мамлекет курат дешти. Медиктерден да кечирим сурайм», —деп билдирген ал. 

Ошондой эле министр мындан ары журналисттерге интервью бербей турганын да айткан. Ага чалып жаткан журналисттердин таарынбоосун суранган. 

«Мага интервью бербе дешти. Ким айтканы сыр болсун. Асмандан жерге түш дешти. Мен макул дедим. Бирөөнүн куйругун басып коюптурмун, ошол үчүн чалып интервью сурап жаткан журналисттер таарынбасын», —деген министр. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter