У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Азык-түлүктүн азабы же арманын айтып ыйлаган аялдар…


Украина менен Россиянын ортосундагы жаӊжалдын эпкини Кыргызстанга да тийбей койгон жок. Тактап айтсак, акыркы убакта Кыргызстанда да доллардын наркы көтөрүлүп, бир доллар 105 сомго жеткен. Мындан улам азык-түлүктөн тарта, керектелүүчү товарлардын баасы өсүп, кумшекер, өсүмдүк майдын тартыштыгы жаралып, дүкөндөрдө калбай калып, коомчулукту дүрбөлөӊгө салганына көп боло элек. Бул көйгөйдү чечүү үчүн тейшелүү органдар азык-түлүк коопсуздугун камсыздап, мамлекеттик резервден кумшекер жана май алып, аны дүкөндөргө таратып, кумшекердин баасын 70 сомдон, өсүмдүк майдын баасы 130 сомдон ашпай турганын айтышкан. 
 
АКШ валютасынын доллардын наркы кайра түшүп, мурдагы калыбына келди. Доллардын көтөрүлүшү менен бирге кымбаттаган товарлар доллардын наркы түшкөндөн кийин арзандадыбы. Деги эле базар баасын ким көзөмөлдөйт?  Мына ушул суроолордун тегерегинде сатуучулар менен ой бөлүштүк. 
 
Базардагы сатуучулар өсүмдүк майы кымбат келип жатканын, алардын баасы бир айдан бери 800-930 (5 литр) сомдон түшө элегин, өсүмдүк майынын запасы жок экенин айтышты. 
 
«Азык-түлүккө болгон бааларды биз көтөрүп жаткандай, элдин баары бизди жаман көрүп жатышат. Бизге да азык-түлүк кымбат келип жатканын эч ким түшүнгүсү келбейт. Жаӊылыктардан кумшекердин баасы 65-70 сом болот деп айтып жатат, силер кымбат сатып жатасыӊар, министр айтып жатат дешет. Министр өзү базарга бир басып келдиби? Жөн эле сөз да. Ар бир келген сатуучу бизди урушуп жатат»,-дейт сатуучу. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter