У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Маркумду акыркы сапарга узатууда, тойлорду өткөрүүдө мыйзамды бузгандар үчүн айыппулду 150 миң сомго чейин көтөрүү сунушталды


28-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде “Кыргыз Республикасында үйлөнүү үлпөттөрүн, үй-бүлөлүк мааракелерди, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун жаркын элесине арналган иш-чараларды тартипке келтирүү жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүүдө.
 
Жыйында алар бул мыйзам долбоорун бузуулар үчүн айып пулдун көлөмүн 150 миң сомго чейин жогорулатууну жарыялашты.
 
Улукбек Ормонов кесиптештерине мыйзам долбоору актуалдуулугун жогото электе 10 күндүн ичинде талкууну бүтүрүүнү сунуштады.
 
Мыйзам долбоорунун максаты, мыйзам долбоорунун автору, депутат Улукбек Ормоновдун айтымында, жарандардын социалдык кызыкчылыктарын коргоо жана калктын экономикалык кызыкчылыктарына жана жашоо-турмушунун моралдык принциптерине олуттуу зыян келтирүүчү ашыкча чыгымдардын алдын алуу боюнча чараларды белгилөө болуп саналат. 
 
Талаптарды аткаруу Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн райондордун мамлекеттик бийлигинин жергиликтүү аткаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын алдында жергиликтүү туруктуу комиссиялар түзүлөт.
 
Сунушталган:
 
-Үй-бүлөлүк салтанаттар, ырым-жырымдар, иш-чаралар 100дөн 200гө адамдын катышуусу менен өткөрүлөт.
 
- Үйлөнүү үлпөт тою бир күндүн ичинде 200дөн 300гө чейин адамдын катышуусу  менен өткөрүлөт.
 
- Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында никени мамлекеттик каттоо аземи 3төн ашык эмес автоунааны колдонуу менен жүргүзүлөт.
 
- Маркумду акыркы сапарга узатуу катышуучулардын санын чектөөсүз жана бодо мал, жылкы союлбастан жүргүзүлөт.
 
-Маркумдардын жаркын элесине арналган иш-чаралар 200дөн 300гө чейин адам чакыруу менен өткөрүлөт.
 
- Үйлөнүү үлпөтү, үй-бүлөлүк салтанаттар дем алыш күндөрү саат 8:00дөн 23:00гө чейин, иш күндөрү саат 18:00дөн 22:00гө чейин өткөрүлөт.
 
Талаптарды аткарбаган жеке жана юридикалык жактар жоопкерчиликке тартылат. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын саясий, атайын жана административдик кызмат адамдары жана алардын балдары тарабынан талаптарды бузгандыгы үчүн алар ээлеген кызматынан бошотулат.
 
Ошондой эле, жогоруда аталган мыйзам долбоорунун талаптарын бузгандыгы үчүн 8-категориядагы айып салуу (17,5 миң сом) каралган Бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы келип чыкты.
 
Буга чейин президент Садыр Жапаров сөөк коюуда мал союуга тыюу салган жарлыкка кол койгон.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter