У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мадумаровду жоопко тартуу боюнча башкы прокурор Жогорку Кеңешке кайрылды. Депутаттар эмне дейт?


Жакын арада Башкы прокурор менен Камчыбек Ташиевдин тирешине күбө болосуӊар. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев айтты. 
 
«УКМК жарандарды уксун деген мыйзамга Башкы прокурор кечээ каршы чыкты. Эми Адахан Мадумаровдун ишин алып келип, шашлыш түрдө бизди карап бергиле деп жатат. Биз саясий куугунтуктан кутулабызбы. Протокол боюнча канторанын эшигин ачпагыла, эртеӊ бирөөнүн, башына тиет. Садыр Нуркожоевич, дагы бирөөлөр бир жакка алып бара жатат, ишенбеӊиз, протокол чатак», -деди ал. 
 
Ал эми депутат Дастан Бекешев бул маселени шашлыш кароого болбой турганын, Башкы прокурорду чакырып чечүү зарылдыгын белгиледи. 
 
«Кийинки жумада карайлы, шашпайлы. Бул сунушту эмне себептен киргизип жатканын өзүнөн сурайлы»,-деди ал. 
 
Мамлекет башчысын колдоо керектигин, бирок өлкө кызыкчылыгы башкы орунда турушу керектигин депутат Нуржигит Кадырбеков айтты. 
 
«Эгер биз бул маселеге кайрыла турган болсок көп суроолор пайда болот. Бул киши (Адахан Мадумаров, редакция) ал документке качан кол койгон. Андан бери канча убакыт өттү. Буга чейинки бийликтегилер эмнеге кылмыш ишин козгобой, силер козгоп жатасыӊар деген суроого кантип жооп беребиз?»,-деди Кадырбеков. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter