Азимбек Бекназаровдун Башкы прокуратурада сурак берип жатканы айтылды
- 17.01.2022, 12:56,
- Башкы / Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаровдун Башкы прокуратурада сурак берип жатканы кабарланды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ал 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча сурак берип жатат. Бул тууралуу азырынча Башкы прокуратурадан маалымат бериле элек.
Эске салсак, 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов Башкы прокуратурага сурак берип чыккан.