У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эмне үчүн Рыскелди МОМБЕКОВ Биринчи май шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышуу чечимине келди?


Өзүңүздөр күбөсүздөр, Рыскелди Момбеков өткөн парламенттик шайлоодо Социал-демократтар партиясынын катарында шайлоого катышты. Арийне, азыркы бийлик андан ашкере чочулайт экен, УКМК жана Боршайкомдун колу менен ачык да жабык бут тосту. Болбогон шылтоо менен шайлоого үч күн калганда Боршайком анын талапкерлигин алып салды. Анткен менен, сотторубуз анча-мынча мыйзам сыйлайт экен: Р.Момбеков талапкерлигин сот аркылуу калыбына келтирди. 
 
Жогору жактын көрсөтмөсүн аткарган Боршайком шойкому кантсе да өз кызматын кылды: көптөгөн шайлоо участкаларында Р.Момбеков талапкерлердин тизмесинен чыгарылган катары эсептелип, шайлоочулардын ага берген добуштары жараксыз бюллетендерге кошулду. Ошентип, өткөн чакырылыштагы депутаттардын ичинде эң популярдуу, элге алынган жана чынчыл, тайманбас депутаттардан экөө болсо, анын бири болгон Рыскелди Момбеков алган добуштар ачык уурдалып, каракталды.
 
Дегеле, өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы кантип чыкканын баарыбыз көрүп-билип турдук го... Азыркы бийлик элди ишендирип туруп, баш айлантуу, махинация жасоо боюнча мурдагыларга караганда алдаганча чебердигин көрсөтпөдүбү?..
 
Шайлоодо добуш сатып алууга ниеттенген, шайлоочулар үчүн түрдүү шоуларды уюштуруп, акчаны самандай сапырган учурда деле шайлоо кампаниясын уюштуруу кыйла акча каражатын талап кылат. Ошондуктан да, мына ушул шайлоодон кийин Рыскелди аке дегеле кайра шайлоого катышууну каалаган эмес. Мамлекеттик казынадан өөнөп байып, арам акчага эсирген ууру болбогон соң, материалдык тейде көпчүлүк кыргызстандыктар сыяктуу гана мүмкүнчүлүккө ээ жаран кайра-кайра неге убара тарткысы келсин?
 
Арийне, учурдагы саясаттын ырайын байкап, жаңы шайланып келген 88 депутаттын жүзүн таанып, тамырын тартып көргөн, мамлекет тагдырына кайдыгер эмес адамдар, калың санаалаштар (анын ичинде өзүм да) Рыскелди Момбековду борбор шаардан депутаттык үчүн ат салышууга түртүштү. Баары эле акча менен өлчөнүп, чечилип калса; баары эле Акүйдөгү эки-үч адам менен калың кошоматчылардын каалоосуна карап жайгарылып жатса, - биздин элдигибиз, мамлекеттигибиз кайсы!?
Ошон үчүн күрөшүү керек! - дедик...

Абдувахап Мониев 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter