Рыскелди Момбеков үгүт ишин улантат
- 19.11.2021, 22:01,
- Башкы / Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
БШК «Социал-демократтар» партиясынын катарында депутаттыкка талапкер Рыскелди Момбековдун диплому боюнча маселени кароону кийинкиге калтырды. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова тергөөнүн жана соттун жыйынтыгынан кийин чечим кабыл алуу сунушун киргизди. Комиссиянын мүчөлөрү анын сунушун колдошту.
Рыскелди Момбеков талапкер катары үгүт иштерин уланта берет.