Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетүүгө мүмкүн эмес. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Кечээ, Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда УКМКнын өкүлү 2020-жылдын март айынан бери аталган башкармалык Кылмыш-жаза кодексинин 359- берененин 2-бөлүгүндө «Жасалма документти пайдалануу» боюнча каралган кылмыштын негизинде сотко чейинки өндүрүштү тергеп жатканын билдирди. Ал ошондой эле иш тергөө стадиясында экенин, талапкерге азырынча шек коюла электигин айтты.
Эми Момбековду шайлоого катышуудан четтетүүнүн мүмкүн эместигинин себептери боюнча жеке оюм:
Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын учурдагы депутаты. Учурдагы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен кабыл алынган Конституциянын 78-беренесине ылайык, депутатка карата кылмыш ишин козгоого Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана жол берилет.
Момбеков депутаттыкка талапкер. Ал эми бул жерде кылмыш жоопкерчилигине тартууда экинчи кол тийбестик күчүндө. Демек, “Шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 21-беренесине ылайык, БШКнын макулдугусуз ал кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эмес. Башкача айтканда, Момбековго анча оор эмес кылмышка шектелгендиги тууралуу билдирүүнү тапшырганга чейин аны талапкер катары кол тийбестиктен жана депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу керек. Бул жол-жобону ишке ашырууга жок дегенде эки жума талап кылынат. Шайлоо 8 күндөн кийин өтөт.
Момбеков жасалма диплом колдонгон деген шек менен кабарланган күндө да БШК аны шайлоого катышуудан четтете албайт. Анткени, “Шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3-беренесине ылайык, соттолгон жаран парламенттин депутаты болуп шайланууга укугу жок. Адамдын соттолгондугу соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин келип чыгат. Шектелди деген билдирүү өкүм эмес. Анан, албетте, чоң суроо – эгер иш сотко өтсө, кандай өкүм чыгат? Анткени, тергөөнүн позициясы бар, Момбековдун да позициясы бар.
Жасалма диплом колдонуу фактысы боюнча УКМКнын иши тергелүүдө. Бирок, Рыскелди Момбековду кол тийбестиктен ажырата ала турган БШКнын мүчөлөрүн, Жогорку Кеңештин депутаттарын ынандыруу үчүн биринчи кезекте жасалма документти жасаганды аныктоо зарыл деп эсептейм. Анткени, биринчи жасалма документти колдонуучу эмес, жасаган тарап күнөөлүү болуп саналат. Бирок мунун баары талапкерди шайлоого катышуудан четтетүү маселесинде экинчи планда турат. Эң негизгиси диплом жасалма деп сот тарабынан таанылган жок, Момбеков күнөөлүү деп табылган жок.
“Шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 59-беренесине ылайык Жогорку Кеӊештин депутаты болуп жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат. Мындай билиминин бар экендигинин далили катары талапкер дипломдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн КР БШКга тапшырышы керек. Рыскелди Момбеков БШКга экинчи жогорку билими тууралуу дипломун тапшырган.
Анын айтымында, 5-октябрда Ак үйдүн кеңселерин талкалоо учурунда биринчи жана экинчи дипломдору, дипломатиялык паспорту жана башка жеке документтери жоголгон. Момбеков бул тууралуу ИИМге арыз жазып, ал КЖБРине катталган. Кошумчалай кетсек, “Шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамда ЖКга талапкер болуу үчүн биринчи жогорку билимдин дипломун көрсөтүү талап кылбайт.
Борбордук шайлоо комиссиясында Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетүү боюнча бирдиктүү укуктук негиз жок. БШК талапкер тарапта болушу керек»,-деп жазат ал.