У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК: Бекешев суракка өзү келди, аны эч ким чакырган жок


Дастан Бекешевдин шайлоо штабынын үгүт иштерине мектеп окуучуларын пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
 
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, үгүт иштерин жүргүзгөн адамдарга  Бекешевдин шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары келишим түзүлбөй эле акы төлөнүп берилген. Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 194-беренесинин ("Шайлоо же референдумду өткөрүүдө акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу") негизинде КЖБРине катталды.
 
Ошондой эле, УКМКнын маалыматы боюнча, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 22-беренесинин 15-бөлүгүнө ылайык мыйзам бузуу бар. Башкача айтканда, 18 жашка чыга элек өспүрүмдөр үгүт ишине аралашып, ал үчүн акы төлөнгөн.
 
УКМКнын маалымат кызматы 15-ноябрда Бекешев өзү көрсөтмө берүү үчүн суракка келгенин, аны эч ким чакырбаганын кошумчалады. 
 
Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Иштин материалдарынын көчүрмөлөрү тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн БШКга жөнөтүлдү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter