У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Апрелдеги чек ара чыры Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чечилди


Апрель айында болгон чек ара чыры ЖККУга мүчө мамлекеттердин ичинде болгон. Бул тууралуу коргоо министри Бактыбек Бекболотов Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. 
 
Анын айтымында, ЖККУга мүчө мамлекеттер биримдикке кирген мамлекеттердин ичинде болуп жаткан чыр-чатакка кийлигише албайт.
 
«ЖККУнун бул жаңжалга кийлигишүүсү туура эмес болмок. Анын үстүнө бул жаңжал Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чечилди. Маалымат каражаттарында, коомдо ким жеңди, ким утулду деген талкуулар жүрүп жатат. Биз үчөө – эки офицерди жана бир прапорщикти жоготтук. Коңшу тараптын жоготууларын билгиңиз келсе, ошол жерге барып, жергиликтүү элге бул суроону берүүнү кеңеш берет элем. Бул жаңжалды армия токтотту», - деди Бактыбек Бекболотов.
 
2021-жылдын 28-апрелинен 1-майга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан 36 кыргызстандык каза болгон
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter