У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жаныш Бакиевдин сүрөтү ИИМдин БМЖКККнын имаратына илинди

 
10-ноябрь күнү ИИМдин БМЖКККнын имаратында Ички иштер министринин орун басары Н. Абдиевдин катышуусу менен ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүгүнүн мурда жетектеген башчыларынын стендин ачууга байланыштуу салтанаттуу азем өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, иш-чарага алгачкы жетекчилер-А.Зеличенко, З.Рысалиев, Т.Бейшенбаев, А. Ботобаев, М.Исмаилов, Б. Матмусаев, М. Кулуев жана башкалар келип катышты. Ардагерлерге, офицер кызматкерлердин жубайларына сыйлыктар тапшырылды.
 
Мындан сырткары, ардагерлер үчүн машыгуу тиринен тапанча менен атуу уюштурулду.
 
Кызматтын начальниги милициянын полковниги У. Султанов ардагерлердин ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө кошкон зор салымдарын, ошондой эле стендди ачуу аларга карата сый-урмат көрсөтүү экендигин баса белгилеген.
 
Белгилей кетсек, мурдагы жетекчилердин арасында 2000-2001-жылдары Ички иштер министрлигинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы болуп иштеген, качкан президенттин иниси Жаныш Бакиевдин да сүрөттү илинген. Эске салсак, сот аны өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сыртынан өкүм чыгарган. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter