У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Таштын астында калган. Сузакта 10-класстын окуучусу каза болду


 31-октябрда Сузак районуна караштуу Жыгач-Коргон айылында таш жүктөп бара жаткан «КамАЗ» оодарылып кетип, ошол учурда жолдо бара жаткан 15 жаштагы А.Р таштын астында калып каза болгон. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.
 
«Таштарды ташыган унаа оодарылып, кызды басып калган. Мектеп окуучусунун сөөгүн таштардын астынан табылган. Ал болгону 15 жашта болчу», - дешет окуяга күбө болгондор.
 
Алдын ала маалыматтар боюнча унаада 5-6 тонна таш болгон.
 
«Октябрь айылынын тургуну С.С.  таш жүктүлгүн унаа менен батыштан чыгышты көздөй айдап бара жатып, рулду башкара албай калып, жолдун оң тарабына оодарылып кеткен. Дөңгөлөктөрдүн астында өспүрүм калган. Бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter