У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Вирусолог коронавирустан эӊ көп жабыркаган үч органды атады


Вирусолог Евгений Тимаковдун айтымында, коронавирустан эң көп жабыркаган үч орган бар. Бул тууралуу «Gazeta» жазды.
 
Адис инфекциядан эң көп жабыркаган органдарды тизмектеди. Анын айтымында, вирус биринчи кезекте өпкөгө жана кан тамыр эндотелине кол салат, анткени аларда вирус көбөйүүчү рецепторлор көп, экинчи орунда ичеги, үчүнчү орунда боор турат.
 
Ошол эле учурда, ал белгилегендей, ичегилердин жана анын микробиотасынын бузулушу вирус менен күрөшүү үчүн зарыл болгон иммунитетке да таасирин тийгизет.
 
Дарыгер ошондой эле коронавирус иммунологиялык эс тутумга катуу таасир этерин белгиледи.
 
«Бул биздин иммунитетибиздин 20-30 пайызын жок кылган кызамык сыяктуу иштейт деген далилдер бар. Ошондуктан, коронавирустук инфекциядан кийин, адам көп ооруйт, жаңы инфекцияларды жуктуруп баштайт жана организмде жашыруун жаткан герпетикалык оорулар күчөйт», - деди Тимаков.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter