У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткенде мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө шектелип бир туугандар кармалды


Баткен облусунда дайынсыз жоголгон Жигитали Темирбаевдин сөөгү табылганын 22-октябрда облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Облустук милициянын маалыматы боюнча, 17 -октябрда саат 22:30 чамасында Темирбаев Баткен районунун Бужум айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Анын эжеси 19 -октябрда милицияга кайрылган. Бул факты Баткен облусунун ички иштер башкармалыгында дайынсыз жоголуу беренеси менен катталып, издөө иштери башталган.
 
Д.Темирбаев 1988 -жылы 25 -декабрда төрөлгөн.
 
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектелип Бужум айылынын 31 жаштагы тургуну И.М. жана анын 28 жаштагы Ж.Н иниси кармалды. 
 
Аталган факты Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктуна ылайык (өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) квалификацияланып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Тергөө амалдары уланууда, экспертизалар дайындалды.
 
Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
 
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бужум айылынын Өрүкзар көчөсүнүн куткаруучулары ажатканадан 1988 -жылы туулган Т.Жнын сөөгүн алып чыгышканын кабарлады. Сөөк милиция кызматкерине өткөрүлүп берилди. Сөөктү алып чыгууга 13 куткаруучу тартылган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter