Аламүдүн-1 кичи районунда баштыкка салынган ымыркайдын сөөгү табылды
- 19.10.2021, 11:59,
- Башкы / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
17-октябрь күнү түшкү саат 12лер чамасында Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Аламүдүн-1 кичи районунда баштыкка салынган мыркайдын денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу 19-октябрда милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул факты Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын ИИББне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 150-беренеси (Коркунучта калтыруу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Соттук -медициналык экспертиза дайындалды, анын жыйынтыгы боюнча тергелип жаткан иш боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат.
Учурда тергөө амалдары жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.