У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мадеминов: Кыргызстандын каржы системасында катачылыктар кетсе, депутат Самат Ибраев күнөөлүү…


 Депутат Самат Ибраев акыркы бир нече айдын ичинде Улуттук банктын тегерегинде, анын төрагасы Толкунбек Абдыгулов туурасында терс маанайдагы пиар компания жүргүздү. Бул тууралуу депутат Мурадыл Мадеминов бүгүн, 2021 -жылдын 29 -сентябрында Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында айтты.
 
Ал жакында эле Россиядан келген аферист Владимир Фролов С.Ибраевдин жанында болгонун билдирди. 
 
«Ал С.Ибраевдин үйүндө жашаган. Чет элдик аферист Фролов Ибраевге кандай маалымат берди, укук коргоо органдары текшерип, анын ким экенин билсин», - деди ал.
 
Депутат УКМКга бул маселеге көӊүл бурууну жана Россиянын тиешелүү органдарынан бардык маалыматты суроону суранды.
 
"Ал кандай адам экенин, Кыргызстанга кандай максатта келгенин билишсин", - деп кошумчалады ал.
 
Ошондой эле эл өкүлү жакын арада Кыргызстанда банк тармагында, каржы системасында ката кетсе, анда депутат С.Ибраев күнөөлүү болорун жана Улуттук банк ушул убакка чейин стабилдүү иштеген жалгыз орган болгонун айтты.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter