У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аэропорттон чемоданын жоготкон депутат министрликтин ишин сындады


Депутат Бейшеналы Нурдинов "Манас" аэропортунда чемоданын жоготуп алган. Бул тууралуу ал парламенттин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында нааразычылыгын билдирди.
 
Эл өкүлүнүн айтымында, ички каттамдар менен учкандан кийин көбү ушундай абалга туш болушат.
 
«Чемоданымды жоготконума 1 ай 10 күн болду. Анын ичиндеги буюмдарым да жоголуп кетти. Мен авиакомпанияга байланышуу үчүн телефонумдун номерлерин калтыргам, бирок жооп жок. Муну ким жөнгө салып жатат? Бул Транспорт министрлиги жакшы иштебейт дегенди билдирет», - деди ал.
 
"Манас" эл аралык аэропортунун өкүлү Абдималик Бусурманкулов авиакомпания билет сатылган учурдан тартып жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу үчүн жооп бере турганын айтты. 
 
«Эгерде кайсы бир жүргүнчүнүн жүгү аэропортко келе элек болсо, авиакомпаниянын өкүлү талапка ылайык акты түзөт. Эгерде жүк табылбаса, анда эрежеге ылайык, жүргүнчүгө компенсация төлөнөт», - деди ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter