У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эми ар бир телефон каттоого алынат. Мыйзам долбоору талкууланууда…


 Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында сырттан кирген мобилдик телефондорду идентификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууланып жатканы айтылды. Бул тууралуу Маалымат технологиялары боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Дастан Догоев билдирди.
 
Анын айтымында, өзгөртүүлөр жөнүндөгү мыйзам кабыл алынса башка өлкөлөрдөн импорттолуп кирген интернетке туташтырылуучу телефон же модем сыяктуу техникалык каражаттар милдеттүү түрдө идентификациядан өтөт.
 
Ошондой эле Догоев бул экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүгө да жардам берерин жана жеке маалымат ачыкталып кетерине коркунуч жок экенин кошумчалады. 
 
“Мобилдик телефондорду каттоодон өткөрүүдө жеке маалыматтар чыгып кетет деп коркпой эле койсо болот. Анткени, каттоо ал телефон менен  жаран колдоно электе жүргүзүлөт”, -деди ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter