У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ошто мас айдоочу патрулдук милициядан качам деп аварияга учурап каза болду


Ошто мас айдоочу патрулдук милициядан качууга аракет кылып, аварияга учурап каза болду. Бул тууралуу шаардык ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, окуя 16 -августта болгон.
 
Милицияга Оштун батыш тарабында белгисиз айдоочу мас абалында Daewoo Lacetti үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге Патрулдук милиция кызматынын экипажы келген. Күбөлөрдүн айтымында, мас айдоочу спирт ичимдиктерин сатып алып, машинага отуруп, качып кеткен.
 
Экипаж айдоочуну Жапалак айылында кууп жеткен, бирок ал токтотуу буйругуна баш ийбей, катуу ылдамдыкта качып кетүүгө аракет кылган. Ал унааны башкара албай электр мамысын сүзүп, андан соң жакын жердеги үйдүн тосмосун сүзгөн.
 
1982 -жылы туулган айдоочу оор абалда Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Ал алган жараатынан улам каза болгон. Бул факты КЖБРине "Жол кырсыгы" катары катталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter