У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кызыл-Кыяда үйүндөгү мончосуна сойкукана ачкан адам кармалды


     Кызыл-Кыяда сойкукана уюштурган аял кармалды. Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
 
Белгиленгендей, 33 жаштагы шаардын тургуну өз үйүндөгү мончосун сойкуканага айланып, ал жерде кыздарды иштетип жүргөн. Текшерүү учурунда ал жерге Оштон жана Кызыл-Кыядан келген беш кыздын иштегени белгилүү болду.
 
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси "Сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү" боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter