У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус илдетине чалдыккан бир бейтапты дарылоого миң долларга чейин каражат сарпталууда


 Коронавирус илдетине чалдыгып ооруканага жаткан бир бейтапты 14 күн дарылоо үчүн миӊ долларга чейин каражат сарпталууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырган кайрылуусунда билдирди. 
 
Ал акыркы күндөрү ооруканага түшкөн жарандардын 100% вакцина албагандар болуп жатканын билгилеген.
 
"Бюджетибиз ансыз да эңшерилип турганда ого бетер оорчулук келүүдө. Жалпысынан 20 миллион долларга жакын каражатка вакцина алып келип жатабыз. Андан тышкары, бир оорулууну 14 күн дарылоо үчүн миң долларга чейин каражат сарпталууда. Эмдөөдөн өтпөй коюу менен өзүңөргө, жакындарыңарга, кошунаңарга жана мамлекетке чоң зыян келтирип жатасыздар. Ошондуктан, урматтуу кыргызстандыктар, көптөн-көп сураныч вакцина алыңыздар", - деп айтылат кайрылууда.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter