Ошто добуш сатып алууга шектелип үч киши кармалды
- 07.07.2021, 15:18,
- Башкы / Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 7-июлда Ош шаарында добуш сатып алууга шектелип үч адам кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалгандар 11-июлдагы шаардык кеңешке аттанган партиянын тарапташтары болгон. Текшерүү учурунда алардын жанынан 115 миң сом табылган. Бирок алардын кайсы партиянын тарапташтары экени ачыкталган жок.
Бул иш боюнча Жазык кодексинин 192-беренеси "Шайлоочуларды сатып алуу" боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.