Асылбек актанды!..
- 27.06.2021, 08:52,
- Башкы / Саясат / Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, “Кумтөр иши” боюнча камакта жаткан Асылбек Жээнбеков “Фейсбуктагы” баракчасынан күнөөсүз экенин айтып ыйламсыраган актануусун жарыялады.
Анда ал: “Мага байланыштуу болуп жаткан бул иштерди саясий күрөш деп эсептейм. Мыйзамсыздык үстөмдүк кылууда. Үч жолку чакырылышта парламентке депутат, эки ирет Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландым. Инсан катары да, депутат катары да, парламенттин төрагасы катары да эч качан мыйзамсыз иштерди жасаган эмесмин. “Кумтөр” иши боюнча менин таза экенимди ошол кезде кабыл алынган документтер өзү эле айтып турат. Убактылуу депутаттык комиссия даярдаган токтомду төрага катары мен кол койгон парламенттин чечимдери менен салыштырып, окуп көргөн адам өзү баарын түшүнүп алат”, - деп жазган.
Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат, - деген ушул. Мыйзамсыздык кандай болоорун билсин.
Жээнбеков Кумтөр кенин иштетүүгө байланыштуу коррупциялык иштерди тергөөнүн алкагында 31-майда кармалган. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны эки айга камакта калтырган.