Кыргызстандын карызы беш миллиард долларга чамалады
- 16.06.2021, 17:28,
- Башкы / Экономика
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
30-апрелге карата Кыргызстандын ички жана тышкы карызы
4 миллиард 933,6 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин маалымдайт.
Министрликтин маалыматына ылайык, жалпы карыздын ичинен 4 миллиард 182,95 миллион доллар тышкы, 750,11 миллион доллар ички карыз.
Өлкө казынасынан карызды төлөө үчүн январь-май айларында 13 миллиард 178,1 миллион сом бөлүнгөн. Анын 8 миллиард 340,7 миллион сому тышкы, 4 миллиард 837,4 миллион сому ички карызды төлөөгө жумшалган.