У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкек шаарынын дагы бир экс-вице-мэри мыйзамсыз баюуга шектелүүдө


Бишкектин мурдагы вице-мэри А.У.Ш. (Уланбек Азыгалиевге) мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын жетекчи кызматында иштеген мурдагы мэри А.У.Ш. кызмат абалынан пайдаланып, мыйзамсыз баюу жана материалдык артыкчылыктарды алуу максатында муниципалдык кызматтын кызыкчылыгына каршы келген чечимди чыгарып өзүнө караштуу чарбалык субъектилердин өкүлдөрүнө көп кабаттуу үйлөрдү курууга уруксат беришкендиги аныкталды.
 
Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында А.У.Ш. жакын туугандарына катталган мүлктөр:
- Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда 7 жер тилкеси;
 
- 11 кызматтык жай;
 
- 4 турак эмес жай;
 
- 11 батир жана 10 унаа токтотуучу жай;
 
- Ысык-Көл облусунун аймагында 2 коттедж;
 
- 5 кымбат баалуу унаа.
 
Натыйжада, "А.У.Ш." жана анын жакын туугандарынын жетиштүү кирешеси жок болгонуна карабай, алардын кирешеси кескин көбөйүп, 100 миллион сомдон ашык деп бааланган.
 
Аталган кылмыш ишинин алкаганыда мыйзамсыз алынган мүлктөрдүн толук тизмесин аныктоо боюнча багытталган ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter