У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


2020-жылы Кыргызстандын ар бир төртүнчү жашоочусу жакырчылыкта жашаган



2020-жылы Кыргызстандын ар бир төртүнчү жараны жакырчылыкта жашаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

2020-жылы жакырчылыктын жалпы чегинин нарктык көлөмү бир жылдын ичинде калктын киши башына 35 268 сомду, эң төмөнкүсү – 19 774  сомду түздү.

2020-жылы жакырчылыктын чегинде 1 млн. 678 миң адам жашаган, алардын 73,7 пайызы калк отурукташкан айыл пункттарынын тургундары болуп саналган.

Жашаган жери боюнча жакырчылыктын деңгээли

(калктын жалпы санына карата пайыз менен)
2020-жылы жакырчылыктын деңгээли Ош ш. (6 пайыздык пунктка) жана Талас (0,8 пайыздык пунктка) облусунда мурунку жылга салыштырганда анын төмөндөгөнү белгиленди. Калган региондордо жакырчылыктын деңгээли өскөн, анын ичинде Жалал-Абад облусунда (10,3 пайыздык пунктка), Нарын (8,7 пайыздык пунктка), Чүй (6,3 пайыздык пунктка), Ош (4,8 пайыздык пунктка), Ысык-Көл (3,5 пайыздык пунктка) жана Баткен (2,1 пайыздык пунктка) облустарында, ошондой эле Бишкек (4,9 пайыздык пунктка) шаарында.

Аймактар боюнча жакырчылыктын деңгээли
(калктын жалпы санына карата пайыз менен)
 20162017201820192020
Кыргыз Республикасы25,425,622,420,125,3
Баткен облусу37,040,533,832,634,7
Жалал-Абад облусу32,232,632,226,937,2
Ысык-Көл облусу24,724,221,524,427,9
Нарын облусу37,829,230,628,136,8
Ош облусу22,014,314,814,018,8
Талас облусу18,120,722,113,312,5
Чүй облусу30,333,315,619,125,4
Бишкек ш.9,815,915,411,916,8
Ош ш.24,633,535,520,714,7

Жакырчылыкта жашагандардын жалпы санынын 58 пайыздан көбү Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында жашашкан.

2020-жылдагы жакыр жашагандарды санынын аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү
 


2020-жылы 0-17 жаш курагындагы 833,9 миң бала же ушул курактагы балдардын 31,8 пайызы жакырчылыктын шартында жашаган.

Балдар жакырчылыктын деңгээли, аймактар боюнча
(0-17 жаштагы калктын санына пайыз менен)


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter