У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Абактан качууга аракет кылгандарга ок атылып, бирөө каза болду


 Чүй облусунун Молдовановка айылында жайгашкан Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка караштуу №27 колониядан качууга аракет кылган эки адамдын бирине ок тийип каза болду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, окуя 25-майдан 26-майга караган түнү болжол менен саат 02:30дар чамасында болгон. №27 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 58 жаштагы  Т.Т. аттуу жаран менен 22 жаштагы К.И. тосмодон секирип, качууга аракет кылышкан. Колонияны кайтарган аскер кызматкерлери алгач абага ок аткан. Кийин ок атуу уланып, качып бараткандардын бирөө каза болуп, экинчиси кармалган.
 
Качууга аракет кылгандардын экөө теӊ өзгөчө оор кылмыштар - адам өлтүрүү, жашы жете электерди зордуктоо боюнча жазаларын өтөп жатышкан. Алар 10  жылдан 21 жылга эркинен ажыратылгандар болгон.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter