У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ак-Сай айылындагы энелер Ходжаи Аъло-Ворух жолунун курулушуна каршы митингге чыгышты-видео


     
Ак-Сай айылдык кеңешинин аялдары бүгүн Баткен облустук администрациясына митингге чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар маалымат каражаттарына билдиришти.
 
Митингчилер бийликтен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин бүтүрүүнү, аймактын жана жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылышууда.
 
Митингчилер кыргыз бийлигинен Капчыгай (Таңги) конушунун чыгыш тарабын айланып өтүүчү Ходжаи Аъло-Ворух жолунун курулушуна макул болбоону суранышат.
 
«Мен бардык чек ара чыр-чатактарын башымдан өткөрдүм. Бийликтен жерибизди коңшуларга бербегиле деп митингге чыктык. Жолдун курулушуна байланыштуу акыркы протокол бизди аябай тынчсыздандырат. Бул туура эмес. Эгер жол салынса биздин аймак эки бөлүккө бөлүнөт. Эгер жолду Тажикстан колдонсо, анда эртең дагы бир жаңжал чыкса, бүт аймак блокадада калбайт дегенге кепилдик жок. Жол курулса, бизге суу да келбей калат. Анда биз кантип жашашыбыз керек? " - деди Раат Калматова.
 
Ошондой эле энелер Ворух анклавына чейин жол бар экендигин, дагы бир жолу ашыкча болорун айтышты.
 
Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Баткен районунун акими жана облус жетекчиси менен жолугушуудан кийин митингчилер тарап кетишкенин билдирди.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter