У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сот Курманбек Бакиевдин инисине карата чыгарылган өкүмдү жокко чыгарды


 Жогорку Сот качкын президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Каныбек Бакиевге карата чыгарылган өкүмдү жокко чыгарды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.
 
Мындай чечим 27-апрелде кабыл алынгандыгы көрсөтүлгөн. 
 
Жогорку сот кабарлагандай, кылмыш ишинин материалдары толук изилденбегендигине, процесстик мыйзам бузууларга байланыштуу иш Жалал-Абад шаардык сотуна кайра кароого жөнөтүлдү.
 
Прокуратуранын бул боюнча кассациялык арызы канааттандырылды. Ал эми жактоочунун Бакиев Каныбек Салиевичтин кызыкчылыгын коргоп, аны толугу менен актагандыгы жөнүндө кассациялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылды.
 
Эске салсак, Каныбек Бакиев 2005-жылы Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын башчысы кызматын аркалап келген. Ал жер тилкелерин бөлүштүрүү боюнча комиссиянын төрагасы болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, жер тилкелери жергиликтүү тургундар эмес башка эле жарандарга берилген.
 
Белгилүү болгондой, Каныбек Бакиевге 2010-жылдагы апрель окуялары боюнча кылмыш иши козголгон. 2020-жылдын март айында Жалал-Абад шаардык соту аны «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыраткан. Экинчи инстанция 2020-жылдын декабрында бул өкүмдү өзгөртүп, Каныбек Бакиевге 4 миллион сом айып пул салган.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter