Президент Жээнбеков Өкмөт башчысы Абылгазиевди катуу сынга алды...
- 12.02.2020, 22:23,
- Башкы / Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 12-февралда Ак үйдө президент Сооронбай Жээнбеков жана Өкмөт башчы катышкан жыйын өттү.
Анда Өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиевдин ишмердигине нааразы болуп, Ат-Башыдагы логистикалык борбордун долбоору боюнча сынга алганы маалым болду.
Президент өз сөзүндө: “Эмне үчүн Кытайдын жеке компаниясы менен келишим түздүңөр. Эл менен дагы сүйлөшүү, макулдашуулар болгон эмес” - деп айтты.
Жыйынтыгында логистикалык борбордун долбоору токтотуп, башынан келишим түзүү тапшырмасы берилди.
Президент сынга алып, жемелеп калганына караганда кете турган учуру бышып жетилиптир.
Бирок, мындай маалыматты президенттин пресс-катчысы Толгонай Стамалиева четке кагып, мамлекет башчысы ал күнү бизнес коомчулугу менен жолукканын, премьер-министр менен кездешпегенин, Ат-Башы логистикалык борбору тууралуу сөз болбогонун маалымдады…